Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Окуучу каза болгон аквапарк жоопкерчиликтен качпай турганын билдирди


"Ала-Тоо" аквапаркы.
"Ала-Тоо" аквапаркы.

«Ала-Тоо» аквапаркынын администрациясы көзөмөл камераларына окуучу бала каза болгон күндөгү тартылган видеолордун баарын тергөөчүгө өткөрүп бергенин 9-июнда эс алуу жайынын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочу аквапарктын жетекчилиги окуя үчүн жоопкерчиликтен качпай турганын, тергөө менен кызматташарын айтты.

6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.

9-июнда мектептин башталгыч классынын алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды.

Окуяны иликтөө үчүн шаардык билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия ал күнү аквапаркка 13 класстан 232 окуучу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барганын аныктады.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Айрым укук коргоочулар баланын өлүмү үчүн биринчи кезекте аквапарктын кызматкерлери күнөөлү экенин, себеби алар коопсуздук үчүн түздөн-түз жооптуу болушарын белгилөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG