Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

“Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп каза болгон баланын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирип, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кабарлады.

6-июнь күнү саат 11:00дө Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына “Ала-Тоо” аквапаркынын бассейнине бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жана шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу барган. Милиция кызматкерлери “Ала-Тоо” аквапаркына №95 мектептин кызматкерлери, 3-класстын окуучулары ата-энелери менен эс алуу үчүн барганы тууралуу маалымат алышкан.

Сууга чөгүп каза болгон 3-класстын окуучусунун өпкөсүнө суу толуп калган. Кырсыкка байланыштуу аквапарк убактылуу жабылып, окуяны Бишкек мэриясында түзүлгөн комиссия да иликтеп жатат.

Каза болгон баланын апасы социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, кырсык болгон учурда баласынын жанында болбогонун, мектеп жамааты “коопсуздук чаралары камсыздалган” деп убада бергенин жазды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG