Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Омбудсменден жардам сурагандар көбөйүүдө


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Кыргызстанда 2021-жылы өлкөнүн акыйкатчысынан жардам сураган кайрылуулардын саны 13 миңден ашуун болду. Бул тууралуу 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде жылдык баяндама жасап жатып акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы 9,5 миң, 2019-жылы 11 миңден ашуун арыз-даттануу түшкөн.

Көбү милиция, прокуратура, сот органдарынын ишине байланыштуу экени белгиленди. Адамдар сотко мониторинг жүргүзүп берүүнү, жер участокторун бөлүштүрүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүнү суранышкан.

Абдрахматова акыйкатчынын сунуштамаларын мамлекеттик органдар “милдеттүү түрдө аткарышы керек” деген норма кирмейинче бул мекеме жасап жаткан ишинин пайдасы жок болуп жатканын белгиледи.

Акыйкатчы «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» 2019, 2020 жана 2021-жылдар үчүн баяндама жасоодо. Мындан тышкары, “Сот адилеттигин аткарууда баланын кызыкчылыктарын жакшы камсыз кылуу принцибин ишке ашыруу» жана “Жазык-аткаруу тутумунда өмүрүнүн аягына чейин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы” деген эки атайын баяндама да болот.

Кыргызстанда адам укуктарына парламенттик көзөмөл жүргүзүүчү акыйкатчы институту 2002-жылы иштей баштаган. Өлкөнүн башкы укук коргоочу жыл сайын парламентте баяндама жасайт.

Атыр Абдрахматова акыйкатчы болуп быйыл март айында дайындалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG