Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

“Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсыкты комиссия иликтейт


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп каза болгон баланын окуясын мэриянын билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия иликтейт. Ага райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери киргенин шаардык бийликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу бассейнге барышып, эс алуу учурунда бир бала сууга чөгүп кеткен. Комиссия бул окуяга мектеп жамаатынын тиешеси бар жогун териштирет.

6-июнда “Ала-Тоо” аквапаркында ​сууга чөгүп кетип каза болгон 3-класстын окуучусунун өпкөсүнө суу толуп калган. Кырсыкка байланыштуу аквапарк убактылуу жабылды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG