Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Алдын ала жыйынтык: Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү добуш бергендердин 77% колдоду


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз жыйыны. 6-июнь, 2022-жыл. Нур-Султан.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз жыйыны. 6-июнь, 2022-жыл. Нур-Султан.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июнь күнү эртең менен референдумдун алдын-ала жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, добуш берүүгө катышкандардын 77,18% Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдошкон.

"Макул деп добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 77,18% түздү. Бул деген алты миллион 163 миң 863 киши",-деди Боршайкомдун төрагасы Нурлан Абдиров.

Расмий маалыматка караганда, шайлоочулардын 18,66% өзгөртүүлөргө каршы добуш берген.

БШКнын билдирүүсүнө ылайык, жалпысынан референдумга добуш берүүгө укуктуулардын 68,06% катышты.

Бийлик быйыл кандуу Январь окуяларынан кийин сунушталган бул өзгөртүүлөр менен Казакстан супер президенттик башкаруудан президенттик системага өтөрүн билдирип жатат.

Көз карандысыз байкоочулар жана активисттер Баш мыйзамга киргизилип жаткан толуктоолорду "реформа" деп атоого болбой турганын, бийлик бул референдум аркылуу алдыдагы президенттик шайлоого гана даярданып жатканын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG