Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:15

АКШда Өзбекстандын жараны террордук уюмду колдогону үчүн 15 жылга кесилди


"Ислам мамлекети" террордук тобун колдогону үчүн айыпталган Дилхайот Касымов (cолдон бешинчи) жана башкалар Нью-Йорк сотунда.
"Ислам мамлекети" террордук тобун колдогону үчүн айыпталган Дилхайот Касымов (cолдон бешинчи) жана башкалар Нью-Йорк сотунда.

АКШнын федералдык соту Нью-Йоркто жашаган Өзбекстандын жаранын "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдогону үчүн 15 жылга эркинен ажыратты.

34 жаштагы Дилхайот Касымов радикал уюмга материалдык колдоо көрсөткөнкө аракет кылган деп айыпталып, 2019-жылы камалган.

Маалыматка караганда, ал 2015-жылы өзүнүн жана башкалардан алган акчаны "Ислам мамлекети" террордук уюмунун катарында Сирияга барып согушууну көздөгөн Абдурасул Журабоев менен Ахрор Саидахметовго берген. Бруклинде жашаган Касымов 1600 долларды Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропорттон тапшырган.

"Бүгүнкү өкүм террордук топторго жардам бергендердин, анын ичинде "Ислам мамлекетине" (террордук уюм) кошулам дегендерге көмөк көрсөткөндөрдүн кесепети оор болорун көрсөтөт",-деди Нью-Йорктун чыгыш округу боюнча прокурору Бреон Пис.

Журабоев менен Сайдакахметов дагы 15 жылдан эркинен ажыратылды. Ал эми бул ишке катыштыгы бар деп айыпталып жаткан Азизжон Рахматов 12 жарым жылга кесилди. Дагы эки өзбекстандык сот өкүмүн күтүп жатат.

XS
SM
MD
LG