Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Лавров Сербияга сапарын токтотууга аргасыз болду


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Бир катар Балкан мамлекеттери Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун учагына аба майданын ачуудан баш тарткандыктан ал Сербияга сапарын токтотууга аргасыз болду.

"Сербиянын айланасындагы мамлекеттер бардык байланыш каналдарын жаап, Сербияга бараткан Сергей Лавровдун учагын өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартышты",-деди министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова 6-июнда.

Ал кайсы мамлекеттер экенин так айткан жок. "Интерфакс" маалымат агенттиги жогорку даражалуу орус дипломаттарынын бирине таянып, НАТОго мүчө Болгария, Түндүк Македония жана Монтенегро сыяктуу мамлекеттер Лавровдун учагына алардын аба майданы аркылуу өтүүгө уруксат бербей коюшканын жазды.

Лавров Сербияда бир катар бийлик өкүлдөрү, анын ичинде президент Александр Вучич жана серб патриархы Порфирий менен жолукмак.

Эки тарап жакында эле газ жеткирүү боюнча үч жылдык макулдашууга кол койгон. Москва жакында эле рубль менен төлөөдөн баш тарткан айрым Европа мамлекеттерине газ берүүнү токтоткон. Белград Орусиянын Украинага басып киришин айыптаганына карабастан, Евробиримдикке кошулуп Москвага санкция киргизүүдөн баш тарткан.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG