Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Иранда имараттагы кырсыктан мерт кеткендердин саны 38ге жетти


Ирандын Абадан шаарында кулаган имараттын урандыларынын алдынан куткаруучулар адамдарды издеп жатышат. 24-май, 2022-жыл.
Ирандын Абадан шаарында кулаган имараттын урандыларынын алдынан куткаруучулар адамдарды издеп жатышат. 24-май, 2022-жыл.

Ирандын Абадан шаарында кулаган имараттан мерт кеткендерин саны 38ге жетти. Бул тууралуу бийлик өкүлдөрү 5-июнда билдиришти.

Куткаруучулар урандылардын алдында калгандардын сөөктөрүн алып чыгууну улантып жатышат. 23-майда болгон кырсыкта дайынсыз жоголгондор дагы эле бар, алардын так саны канча экени белгисиз. Жарадарлардын саны 40ка чамалады.

Кырсыкка байланыштуу 13 адам, анын ичинде калаа мэри жана башка бийлик өкүлдөрү техникалык коопсуздукту сактабаганы үчүн жана курулуштагы мыйзам бузууларга айыпталып камалышты.

Окуя болгон жерде майдын аягынан бери нааразылар чогулуп, бийликке каршы акцияларды өткөрүп келишет. Бийлик бул аймакта Интернетти чектеп салган.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Абадан шаарына 3-июнда күтүүсүздөн барып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Раиси мындан ары өкмөт «курулуш процесcтерине тыкыр көз саларын» убада кылды.

Жогорку Руханий лидер аятолла Али Хаменеи окуя тууралуу 4-июнда жасаган билдирүүсүндө кеп кылып, "күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылыш керек экенин" билдирди.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG