Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Иранда кырсыкка байланыштуу тутанган нааразылык акциялары уланды


Ирандын Абадан шаарындагы нааразылык акциялары.
Ирандын Абадан шаарындагы нааразылык акциялары.

Ирандын түштүк-батышындагы Абадан шаарында киши өлүмүнө алып келген кырсыкка байланыштуу тутанган нааразылыктар кайрадан уланды. Жакындарын жоготкондор окуяга күнөөлүүлөрдү аныктап, акыйкат чечим чыгарууну талап кылышууда.

“Азаттыктын” иран кызматы жазгандай, чогулгандар "компетентсиз жетекчилерди каалабайбыз" деп кыйкырып жатышат.

23-майда аталган шаардагы курулушу толук бүтө элек он кабаттуу имарат урап, ондогон кишинин өмүрүн алган. Башында 20 киши набыт кетип, кырктайы жараат алганы кабарланган. Урандылардын астынан дагы сөөктөр табылып, 30-майга карата өлгөндөрдүн саны 31ге жетти.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү мамлекеттик телеканалга курган маегинде, имараттын ичинде 50дөй адам болушу мүмкүн экенин айткан.

Бул кырсыктан кийин тургундар бир аптадан бери нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Өлкөнүн аймагындагы кымбатчылыкка байланыштуу уланып жаткан акцияларга туш келгени үчүн бийлик ага дагы катуу чараларды көрүп жатат. Ирандын коопсуздук күчтөрү көп кабаттуу имарат кулагандан кийин демонстрацияга чыккандарга көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, асманга ок чыгарды. Өлкөдөгу жалпы акциялар жапырт баш аламандыктар менен коштолууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG