Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Апасын коргоп камалган бала үй камагына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үй-бүлөсүн коргоп, мас адамга кол көтөрдү деп шектелип жаткан 16 жаштагы бала Ленин райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова маалымдады.

Буга чейин омбудсмен өспүрүм баланын Юстиция министрлиги бекитип берген, балдар укугун жактоо боюнча тажрыйбасы бар адвокат коргой турганын билдирген. Абдрахматова өспүрүмдүн камакка алынышын одоно мыйзам бузуу деп атоодо.

Окуя 17-майда Бишкекте болгон. Ленин райондук сотунун чечими менен бала Чүйдүн Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясына бир айга камакка алынган.Милициянын маалыматына караганда, бала мейманканада администратор болуп иштеген апасын мас кардардан коргойм деп ага бычак колдонгон. Кардар жараат алган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG