Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөн ишканаларды текшерүү сунушталды (видео)


Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилген ишканалар боюнча Эсеп палатасы аудит жүргүзүшү керек деген сунушун бүгүн 30-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты.

Ал аталган маселе боюнча маалымат бергени барган министр Талантбек Имановго суроо берип жатып “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов менен байланышы тууралуу айтты жана төрт мекемени өткөрүп берүү моралдык жактан туура эмес чечим болгонун белгиледи:

“Мыйзамдуулук жагы бузулду. Моралдык жактан бул өзү туура эмес. Санариптештирүү кылабыз деп президент айтып жатат, туура, бирок байланышы жок башка кишини койсун. Талантбек Иманов Ширшовдун досу, Ширшов Талантбек Имановдун досу экенин билебиз. Алар “Дастан” заводунда чогуу болушкан, Ширшов “Евразия экономика банкы”, (“Кыргыз кредит банк” боюнча кылмыш иши козголгон) менен байланышта болгон. “Мегакомду” Макстардан эптеп алсак, эми кайра эле ошол жакка…”.

Талантбек Иманов депутат Бекешевдин бул айткандарына “Сиз эмне деп айтып жатасыз! Ал мамлекеттик да.” деп жооп берди.

Ширшов менен байланыш тууралуу депутат Эмил Токтошев да айтып, министрликке чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын эскертти.

Иманов аны "Ширшовдун кишиси" деп айткандарга жооп берип: "Маселе коомчулукта аябай талкуу болуп жатат. Кандай болгонун башынан айтып берейин. 2005-жылы 23-майда мен армияга келгем, Улуттук гвардияга. 3,5 жыл кызмат өтөп бүттүм, 2008-жылдын аягында. Ошондо азыркы коргоо министри штаб башчым болчу. Балким, мен ошонун кишисимин?! 2010-жылы революция болду, мен коопсуздук жагын караганы "Дастанга" келип иштедим. Коомчулукта "шоопуру болгон экен" деп айтып жүрүшөт, бирок ал убакта менин айдоочулук күбөлүгүм да жок болчу. Анда мен кимдин кишиси болом деги!? Бул мындай деңгээлде талкуулана турган маселе эмес да".

10-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызтелекомду", "Альфа Телекомду", "Дастанды" заводу жана "Евразия сактык банкын" Мамлекеттик мүлк фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү тууралуу токтомго кол койгон.

"Азаттык" радиосунун журналисттик иликтөөсүндө санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов менен Алексей Ширшовдун байланышы аныкталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG