Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

Украинада франциялык журналист каза болду


Журналист Фредерик Лёклерк-Имхофф Украинанын Северодонецк шаарында каза болду.
Журналист Фредерик Лёклерк-Имхофф Украинанын Северодонецк шаарында каза болду.

Украинанын Луганск облусунда Франциянын BFM TV телеканалынын журналисти Фредерик Лёклерк-Имхофф каза болду. Ал бараткан автоунаа Орусиянын артиллериялык аткылоосуна кабылганын аймактын губернатору Сергей Гайдай Телеграмда кабарлады.

Окуя Северодонецк шаарында болгон. Мурдараак орус аскерлери жана орусиячыл жикчилдер бул шаарды аткылап, басып алууга аракет кылып жатышканы кабарланган. Луганск шаарын жикчилдер ээлегенден кийин облустук администрация Северодонецк шаарында жайгашып турган эле.

Узаган аптада орус армиясы Донбасста баскынчылыгын кыйла улантты. Гайдайдын айтымында, Северодонецк шаарындагы инфратүзүм 100% талкаланган жана турак-жайлардын 90% бузулган.

Талдоочулар согуштук аракеттер созулуп кеткендиктен, Орусия "чакан жеңиштерге" жетүүнү көздөп жатат деп баа беришүүдө. Мурдараак Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус күчтөрү Луганск облусуна көзөмөлүн орнотууга жакын калганын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага басып кирди.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 6,5 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG