Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Бишкекте кызды урууга шектелип кармалган жаран коё берилди


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 28-майда көчөлөрдүн биринде бейтааныш киши кол салганын айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факт реестрге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кызды урууга шектелип 40 жаштагы киши милиция бөлүмүнө алып келинген. Милициянын маалыматында тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүп, экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кайра келүү шарты менен бошотулган.

28-майда Бишкек шаарынын тургуну өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында оозу, бети көк ала болгон сүрөтүн чыгарып, бейтаныш киши сабап кеткенин жарыялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG