Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Жапаров темир жол боюнча Путин менен сүйлөшкөнүн билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо жөнүндө Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн билдирди. Жапаров бул тууралуу “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде айткан.

“Буга чейин эч ким Орусия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп, эч каршылыгыбыз жок, силерге керек болуп жатса сала бергиле деген позициясын билдирди. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз”, - деп жооп берген Жапаров.

Мамлекет башчы темир жол курулушу аяктаса, Кумтөр кени сыяктуу ири каржы булагы болоорун белгилеген.

27-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакында башталарын Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында билдирген.

Өткөн аптада Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун 2022-жылдын күзүндө баштоо пландалып жатканын билдирген. Ал муну "Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң долбоор" деп атап, аны колдоого чакырган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган. Орусия бул долбоор боюнча позициясын расмий эч жерде жарыялаган эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG