Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:14

Скульптор Тамила Маматовага Казакстандын “Достык” ордени ыйгарылды


Тамила Маматова. 9-июнь, 2022.
Тамила Маматова. 9-июнь, 2022.

Скульптор Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы “Достык” орденин ыйгарылып, аны Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 9-июнда кабарлады.

“Мындай сыйлыкты тапшырууга жаш скульптор Тамила Маматованын Мухтар Ауэзовдун бюстун жасагандыгы, эки элдин достугун бекемдөөгө жана маданий алаканы жаңы деңгээлге алып чыгуусу негиз болду”-деп айтылат министрликтин маалыматында.

Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата анын Чолпон-Ата шаарындагы үй-музейи реконструкцияланып, Тамила Маматова жасаган бюсттун ачылышы июль айына пландалган.

"Достык” ордени Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат. Ал жарандарга коомдогу өз ара ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн Казакстандын президентинин жарлыгы менен ыйгарылат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG