Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Европарламент Шинжаңдагы мусулмандарга каршы аракеттерде “геноцид коркунучу” бар деп эскертти


Шинжаңдагы "кесипке үйрөтүү жайы". Архивдик сүрөт
Шинжаңдагы "кесипке үйрөтүү жайы". Архивдик сүрөт

Европарламент Кытайдын Шинжаңдагы түрк тилдүү мусулмандарга кылган мамилесин “адамзатка каршы кылмышка” теңесе болорун айтып, “геноцид коркунучу” тууралуу эскертти.

9-июнда кабыл алынган резолюцияда уйгурлар жана башка мусулмандар туш болгон куугунтуктоолор катуу айыпталды.

Документте андай аракеттер "тукум курут" деп аталбаганы менен, европалык депутаттар Бээжиндин дарегине мындай катуу сөздөрдү айта элек болчу. Буга чейин АКШ Кытайдын Шинжаңдагы саясатын “геноцид” жана "адамзатка каршы кылмыш” деп сыпаттаган.

Резолюцияда айтылгандай, Кытайдагы уйгур жамааты “ыраттуу түрдө ырайымсыз басмырланып, жапырт депортацияга, тынымсыз көзөмөлгө туш болууда. Алар идеологияга сугарылат, үй-бүлөлөр бөлүнүп калууда, дин тутуу укугу чектелүүдө, маданияты жок кылынууда”.

Европалык парламентарийлер “бойго болтурбоо, балдарды ата-энелеринен ажыратуу учурлары тууралуу ишенимдү фактылар бар экенин, муну адамзатка каршы кылмышка теңесе болорун, геноцид коркунучу бар экенин” белгилешти.

Документ Кытай бийлигин уйгурларды жана түрк тилдүү башка элдердин өкүлдөрүн жөн жерден, сотсуз камоо практикасын токтотууга, лагерлерди жана кармоочу борборлорду жабууга, туткундарды “дароо жана шарт койбостон” коё берүүгө үндөйт.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде 2 миллиондой уйгур, казак жана түпкүлүктүү элдин башка өкүлдөрү кармалып келет.

Бээжин айыптоолорду четке кагып, ал жайларды кесипке үйрөтүүчү жана интеграция борборлору деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG