Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Орусия: экономиканын төмөндөшү 15 жылдагы жетишкендиктерди жокко чыгарат


Орусиянын экономикасы быйыл 15, эмки жылы үч пайызга төмөндөйт. Муну менен Батыштын санкциялары, чет өлкөлүк компаниялардын, жергиликтүү адистердин кетип жатышы акыркы 15 жылдагы жетишкендиктерди жокко чыгарат.

Бул тууралуу Эл аралык финансы институту (Institute of International Finance, IIF) Орусиянын экономикасына арналган отчетунда жазды.

Институттун башкы экономистинин орун басары Элина Рыбкованын айтымында, Европа орус газы менен мунайынан баш тартса, өлкөнүн экономикасы мындан көп жабыркайт.

Рыбакова рублдин калыбына келишин экономиканын туруктуулугунан кабар берет деген ишарат катары кабыл албоо керектигин белгиледи. "Орус банктарында валюта резервдери жетиштүү, себеби импорт азайды. Бирок ишканалар менен кардарлар ошол запастарды коротуу үчүн товарлар аз", - деп чечмеленет баяндамада.

Адистердин баамында финансылык системага же экспорт-импорттун негизги тармактарына кошумча санкция салынса, анын арты орус экономикасы үчүн “олуттуу кесепеттерге” алып келиши ыктымал. Муну менен катар санкция киргизген өлкөлөр да зыян тартышы ажеп эмес, - деп белгилешет отчеттун авторлору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG