Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Иран уран байытууга көз салган камераларды өчүрдү


Исфахан шаарынын жанындагы ишканада видео камера орнотуу. 8-август 2005-жыл
Исфахан шаарынын жанындагы ишканада видео камера орнотуу. 8-август 2005-жыл

Иран БУУнун инспекторлору уран байытуу жараянына көз салган камералардын бир бөлүгүн өчүрүп салды. Бул окуя Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Иранды кызматташпайт деп сындаган резолюция кабыл алардын алдында болду.

Тегеран мурда айтылбаган жайларда уран кайдан пайда болгонун түшүндүрө албаганы үчүн сынга кабылды. Тиешелүү резолюцияны эл аралык агенттиктин кеңешине кирген 30 мамлекет колдолу. Орусия жана Кытай каршы добуш берди. Бул тууралуу аттарын атабаган дипломаттарга таянып кабар агенттиктери билдирди.

Маалыматка караганда, АКШ, Франция, Германия жана Британия Тегеранды эл аралык агенттиктин талаптарына баш ийүүгө чакырды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзадех резолюцияга “катуу жооп кайтарыларын” Твиттердеги постунда эскертти. Анын айтымында, АКШ жана европалык үч өнөктөшү өз максатын “эл аралык агенттиктин аброюнан жогору коюшту, дүйнөдөгү эң ачык, тынч ядролук программасы бар өлкөгө каршы артын ойлобогон резолюцияны сүрөштү”.

Анын алдында Ислам жумуриятынын Атомдук энергия боюнча мекемеси камералар өчүрүлөрүн билдирген. Уюм канчасы өчүрүлгөнүн тактаган жок, бирок 80 пайызы келишимге ылайык иштеп жатканын белгиледи.

Батыш Иранды ядролук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатат деп айыптап келет. Тегеран дооматтарды четке кагып, программасы тынчтык максаттарын гана көздөөрүн айтууда.

XS
SM
MD
LG