Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Дача СУ каргашасын иликтеген комиссия окуя болгон аймакка барды 


9-июнда Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссиянын мүчөлөрү окуя болгон жерге барып, тургундар менен жолукту. Алар окуянын кандай болгону жана андан кийин жасалган иштер тууралуу маалымат топтоп жатышат. Тургундар Дача СУнун коопсуздугун камсыздоо үчүн иштер аткарылбаганын, айыл тургундарына 25 миң сомдон гана кенемте төлөнгөнүн айтышты.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулган жана анда ишин уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланып, такталган.

Коомдук комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ириде кыйраган учактагы жүккө жана элден чогулган акчага байланыштуу жагдайды тактарын билдирген.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан.

Кырсыктык алгачкы күнүнөн тартып эле каргашанын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруудагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроо жаралган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG