Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Зеленский: "Донбасстын тагдыры Северодонецкиде чечилет"


Северодонецк шаары. 7-июнь 2022-жыл
Северодонецк шаары. 7-июнь 2022-жыл

Северодонецк шаары үчүн кармаш Донбасстын тагдыры үчүн чечүүчү роль ойнойт. Мындай оюн украин президенти Владимир Зеленский шаршембинин кечиндеги кайрылуусунда айтты. Өлкө чыгышындагы стратегиялык шаар бир нече күндөн бери айыгышкан салгылашуулардын очогу болуп келатат. Ал жердеги абал улам өзгөрүүдө.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай орус күчтөрү “Северодонецкинин ири бөлүгүн көзөмөлгө алганын”, бирок өнөр жай зоналары украиндердин колунда экенин, шаардын көчөлөрүндө кармаш уланып жатканын Телеграм каналына жазды.

Орус армиясы Украинанын башка бөлүктөрүнөн сүрүлүп чыккандан кийин Донбасска аскерлери менен техникасын топтой баштаган.

Луганскинин губернатору Лисичанск шаары аткылганганын жазып, атайлап ооруканаларды, гуманитардык жардам таратуу борборлорун бутага алганы үчүн орус аскерлерин айыптады.

Согуш шартында бул маалыматтарды бышыктоо мүмкүн эмес.

Британ Коргоо министрлиги 9-июндагы бюллетенинде орус куралдуу күчтөрү Изюм шаарын көздөй алга жылууга аракеттенгенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG