Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

УКМКнын тергөө абагындагы Казакпаев ооруканага жаткырылды


Марат Казакпаев.
Марат Казакпаев.

“Мамлекетке чыккынчылык кылган” деп шек саналып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан саясат талдоочу Марат Казакпаев ден соолугу начарлап ооруканага түштү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочусу Икрамидин Айткулов кабарлап, Марат Казакпаев Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканага жаткырылганын билдирди. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Казакпаевдин жакындарына шилтеме берип ал комага түшүп калганын жазып жатышат. УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып, 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон.

Мунун алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалышын дал ушул маекке байланыштырышкан. Тергөөнүн материалдары жашыруун болгондуктан сот жабык өтүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG