Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараев соттон акталганы белгилүү болду


Дүйшөнбек Чоткараев.
Дүйшөнбек Чоткараев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевди анын аракетинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен актады. Райондук сот мындай чечимди 26-майда чыгарганы белгилүү болду.

Атайын кызмат аны 2020-жылы ноябрда кармаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2017-жылы ыкчам бөлүмдөрдүн бири Кыргызстанга аткезчилик менен ташылып келген 22 килограммдан ашык зер буюмдардын ири партиясын кармаган. Кийин УКМКнын ошол кездеги жетекчилиги бул факт боюнча текшерүүнү токтотууга мыйзамсыз буйрук берип, конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берген. Жыйынтыгында бюджетке зыян келтирилген.

Бул факты боюнча атайын кызмат Дүйшөнбек Чоткараевге Жазык кодексинин (ред: 2017-жылдагы редакциясы) “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Экономикалык контрабанда” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Шектүү салматтыгына байланыштуу 2021-жылы июнь айында үй камагына чыккан.

2016-2018-жылдары Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы кезинде Дүйшөнбек Чоткараев анын орун басары болгон. Абдил Сегизбаев 2020-жылы өткөн президенттик шайлоодо Чоткараев анын талапкерлиги үчүн кол топтоо иштерине катышканын билдирип, кылмыш ишин өзүнө карата саясий кысым катары баалаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG