Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Украинада тувалык тогуз аскер жайкын тургундарды өлтүрүүгө айыпталды


Ягодное айылы. 31-март 2022-жыл
Ягодное айылы. 31-март 2022-жыл

Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова тувалык тогуз аскерди Чернигов облусунда жайкын тургундардын өлүмү үчүн айыптады. Прокурор аскерлердин ысымын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, орус аскерлери Ягодное айылынын 300дөй жашоочусун, арасында 77 баланы, мектептин жертөлөсүнө чогултуп, 20 күндөй калкан катары колдонушкан.

"Эң кичүүсү 1,5 айлык ымыркай, улуусу 93тө болчу. Адам чыдагыс антисанитардык шарттарда, тар, аба жетпеген, караңгы бөлмөдө ачка, суусуз күчкө салып кармап турушкан", - деп жазды Венедиктова.

Баш прокурор барымтадагы 10 киши ошол шарттардан улам каза болгонун билдирди.

Анын маалыматтарын текшерүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Согуш башталганда Чернигов облусунун бир бөлүгү орус армиясынын көзөмөлүндө калган. Апрелде алар чегинүүгө аргасыз болгон.

Киев жана Батыш Москваны Украинадагы карапайым элге жасаган ырайымсыз мамилеге айыптап келет. Орусия айыптоолорду четке кагып, аскердик жайларды гана бутага алганын айтууда.

Орус армиясынын аракеттерин Эл аралык кылмыш соту иликтеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG