Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Депутат Баткенде "өзгөчө макам" маселесинде эл экиге бөлүнүп калганын айтты


Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.

Баткен облусунда чек аралаш аймактардагы өзгөчө макам берилет деген айылдардын тизмеси боюнча маселени бүгүн 9-июнда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда депутат Чыңгыз Ажибаев айтып чыкты. Ал Лейлек районунда эл менен жолукканда ушу тууралуу “эл экиге бөлүнүп калды” деп айтып жатышканын билдирди:

"Биринчи эле маселе – эл Баткен облусуна берилген өзгөчө жеңилдетүү боюнча 62 айылга байланыштуу маселе көтөрүлдү. Өзгөртүү болот деди эле, болбой жатат. Лейлек районундагы эл экиге бөлүнүп калды деп, талап коюп жатышат”.

“Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамдын негизинде чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундарына социалдык-экономикалык жактан жеңилдик берүү, инвестиция тартууга шарт түзүү, колдоо көрсөтүү үчүн 62 айыл тандалып алынганы буга чейин айтылган.

Бул тизмеге айрым айылдар кирбей калганы жергиликтүүлөр арасында нааразылык жараткан.

Кыргызстан Баткен облусунун аймагында Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Суу жана жер тартыш болгондуктан, чек ара тилкесинде чыр-чатактар катталып турат.

Парламенттин жыйынына катышып жаткан президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов депутаттын бул айткандарына комментарий берген жок.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG