Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:04

Өзбекстандагы гомофобия: куугунтук, зомбулук, кыйноо


Эл аралык укук коргоо уюмдары Өзбекстандагы сексуалдык азчылыктардын абалын талдаган баяндамасын жарыялады. Анда коңшу өлкөдө сексуалдык азчылыктын укугу тепселген жүздөн ашык факты көрсөтүлөт.

7-июнда "Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча ассоциация" (AHRCA), "Саламаттык, укук, гендердик жана сексуалдык ар түрдүүлүк боюнча Евразиялык коалиция" (ECCOM) жана "Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк" (IPHR) уюмдарынын демилгеси менен даярдалган баяндама жарыяланды​.

Докладда белгиленгендей, 2017-жылдан бери Өзбекстанда укук коргоочулар кумса, лесбиянка, бисексуал жана трансгендерлер сексуалдык куугунтуктоонун курмандыгына айланган жүздөн ашуун учурду катташкан.

Активисттер ошондой эле коңшу өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренеси (гомосексуализм) менен айыпталган ондон ашык адамдын иши боюнча документтерди чогулткан.

Укук коргоочулардын айтымында, Өзбекстанда сексуалдык азчылыктарга тынымсыз куугунтук, кемсинтүү, ыдык көрсөтүлөт, зордук-зомбулукка кабылып турушат. Мындан тышкары, мамлекеттик мекемелер, өзгөчө укук коргоо органдары да аларды басмырлап, укуктарын тепселеп жатканы белгиленет.

32 барактан турган баяндамада ондон көп кумсанын окуясы камтылган. Алар коомдун жана күч кызматкерлеринин куугунтугуна дуушар болгон соң Өзбекстандан чыгып кетүүнү чечсе, өз жанын кыйгандар да бар экенин айтып беришкен.

"120-беренеде салттуу эмес сексуалдык ориентациядагы адамдарга жазасыз мамиле кылуу жана аларды басмырлоо укугу каралган. Ал берене ошондой эле коррупцияга жол ачкан идеалдуу платформа болуп берет. 120-берене иштеп турганда, коркутуу эч качан бүтпөйт жана бизде гомофобдор үстөмдүк кыла берет", - деп айткан өзбекстандык кумса.

Коомдогу маанай

Өзбекстанда сексуалдык азчылыктарга мамиле мурдагы совет доорунан бери өзгөрүүсүз калган. Эл аралык укук коргоо уюмдарынын изилдөөчүлөрү өзбек коомунун ЛГБТ өкүлдөрүнө жасаган мамилесин төмөндөгүчө сүрөттөгөн.

"Өзбекстанда көптөгөн адамдар гомосексуализмди жугуштуу оорудай көрүшөт жана ага тыюу салынып, жазаланбаса, коомду талкалайт деп эсептешет. Үй-бүлөлөр туугандарынын сексуалдык азчылыкка таандык экенин билсе же шек санаса, көбүнчө аны дарыгерлерге, психиатрларга, психотерапевттерге, молдолорго же бүбү-бакшыларга барууга мажбурлашат. Мындан тышкары, үй-бүлөлөр кумса уулун үйдөн кууп жиберген учурлар көп кездешет" деп айтылат баяндамада.

Былтыр апрелде расмий Ташкент алгачкы жолу 120-берене боюнча соттолгондордун санын жарыялаган. Ички иштер министрлигинин маалыматында 2016-2020-жылдар аралыгында бул берене менен 44 адам жазаланган. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу өтө көп.

Эскперттер Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренеси "эл аралык укук нормаларын одоно бузарын" баса белгилешет.

Ошондой эле эл аралык мыйзамдарга ылайык, бир жыныстагы адамдардын купуя жашоосун же өзүнүн гендердик өзгөчөлүгүн билдирүүнү кылмыш катары кароо адам укуктарын бузат.

"Адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдар бир жыныстагы жарандардын мамилелерди өз ара макулдук менен кылмыштуулукка тартуу адам укуктарын бузуу экенин ачык-айкын көрсөтүп турат. БУУ Өзбекстанды Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренесин жокко чыгарууга бир нече жолу чакырган”, - деди IPHR уюмунун өкүлү Анна Сандер-Плассманн.

Мамлекеттик органдардын мамилеси

Жарыяланган докладда Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борборунун жетекчиси Акмал Саидовдун пикири да камтылган.

Анда Саидов 120-беренени жокко чыгаруу үчүн “өкмөт Өзбекстанда гомосексуализмге коомчулуктун терс мамилеси кеңири жайылганын эске алып, мыйзам кайра каралышы керек”, - деп билдирген.

Ал ошондой эле "бир жыныстагыларлын мамилеси мусулмандардын аброюна шек келтирет" деген түшүнүк да басымдуу экенин кошумчалаган.

Баяндамада ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктары тууралуу сөз кылууну каалаган активисттердин ишмердигине тыюу салганы белгиленген. Алсак таанымал блогер Миразиз Базаров былтыр куугунтукка кабылып, акыры үч жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми өзбек бийлигине жакын айрым саясатчылар, анын ичинде Улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери Алишер Кадыров былтыр кумсаларды айыптап чыккан.

"Жаза өтө жеңил. Бул беренеге мажбурлап дарылоо, эркинен ажыратуу, жарандыгынан ажыратуу жана өлкөдөн депортациялоо сяктуу жазалар камтылууга тийиш", — деп Кадыров Фейсбукка жазган.

Докладда Өзбекстандын Элдик демократиялык партиясынын депутаты Шербек Буранов менен Самарканд шаарынын мэри Бобурмирзо Облакуловдун 2020-2021-жылдары айтканы да камтылган.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши эки жыл мурда өзбек өкмөтүн Кылмыш-жаза кодексинен 120-беренени алып салууга чакырган. Ага удаа эле тогуз эл аралык уюм дагы ушундай эле кайрылуу менен чыгышкан.

Постсоветтик аймактарда эки гана өлкө – Өзбекстан менен Түркмөнстанда бир жыныстуулардын мамилеси кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бирок Human Rights Watch уюму түркмөн бийлиги мындай мыйзамдарды кайра карап чыгуу ниетин билдиргенин айткан.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG