Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Тажикстанда кумсалар атайын тизмеге кирди


Тажикстандын Ички иштер министрлиги 370 кумсаны каттоого алды.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги 370 кумсаны каттоого алды.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 370 кумсаны каттоого алып, атайын тизмеге киргизди. Алардын баары "Ыйман" жана "Тазалык" деген аталыштагы министрлик жүргүзгөн атайын операция маалында аныкталган.

Хурам - трансгендер. Ал учурда чет мамлекетте жашайт. Хурам чет жакта гана өзүн адам сезип, коркпой-үркпөй, жашырынбай жүрө аларын айтууда:

- Тажикстанга же Өзбекстанга бара турган болсом чачымды кырктырып, эркектин кийимин кийип, жүрүм-турумумду өзгөртүп, көкүрөгүмдөгү импланттарды алдырам. Ал жактан кайтканда баарын кайра өз калыбына келтирем.

Хурамдын мекенинде болсо сексуалдык багыты адаттан тыш жарандар ар дайым кодулоого кабылып келет.

- Туугандарым да мени түшүнбөйт. Кайра "Сен кудайдан коркпойсуң, намаз окубайсың. Жаратканга ишен, ал сени кечирет, үйлөн", - деп айтышчу болду.

Эки күн мурда Тажикстандын Ички иштер министрлиги түзгөн атайын тизмеге сексуалдык азчылыктын 370 өкүлү кирген. Алардын 319у эркек, 48и аял. Башкы прокуратуранын расмий басылмасы кабарлагандай, бул жарандардын кумса экени министрлик жүргүзгөн "Ыйман" жана "Тазалык" аттуу атайын операциялардын алкагында аныкталган.

"Алардын кумса экени далилденди жана бардыгы каттоого алынды" деп жазат "Мыйзамдуулук" журналы.

Ички иштер министрлиги бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Атайын тизмени түзүүгө катышкан, ысымын атабаган күч түзүмдөрүнүн кызматкеринин "Азаттыктын" тажик кызматына айтымында, каттоо жөн жеринен жүргөн эмес.

Кумсалар сойкулар сыяктуу эле, өнөктөштөрүн тез-тез алмаштырып, мындан улам ВИЧ-инфекциясын жугузуп алуу тобокелдиги жогору топко кирерин түшүндүрдү.

Тажикстан совет маалында киргизилген гомосексуалдык мамилеге каршы мыйзамды 1998-жылы жокко чыгарган. Бирок кумсалар жана сексуалдык азчылык өкүлдөрү дагы эле коомчулук тарабынан кодуланып, коркутуп-үркүтүүгө кабылып келет.

Дагы бир каарман Милена да аялга айланып, атын өзгөртүп алган. Учурда чет мамлекетте жашайт. Ал Тажикстандагы кумсаларга өлкөдөн чыгып кетүүгө кеңеш берет.

- Тажикстанда жүргөндө менин кумса экенимди билгендер коркутуп-үркүтүшчү. Ислам, менталитет буга тыюу салат деп айтышчу. Айрыкча жумуш табуу кыйын болду. Билинип калса эле дароо кууп чыгышчу. Тажикстанда жашаган кумсалар эч жакка чыга албагандыктан, өмүрү коркунучта. Мен тиешелүү эл аралык уюмдарга жазып, жардам алып, чет өлкөлөргө чыгып кетүүнү сунуштайт элем. Бирок КМШ мамлекеттерине эмес. Керек болсо Украинада да кумсалардын абалы оор. Ал жакта коркутуулар болбогону менен жектөө бар. Маселен мени кошуналар жаман көзү менен карап, адаттан туш суроолорду беришчү.

Тажикстанда кумсалар адаттан тыш сексуалдык багытын жашырат. Алар элге шардана болгусу келбей, үйлөнүп да алышат.

- Үйлөнүү чоң мааниге ээ. Эгер кимдир бирөө шек санай баштаса, "ал үй-бүлөлүү, аялы, бала-чакасы бар" деп айтышат, - деди ал.

2015-жылы СПИД жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонд кумсалардын саны бул өлкөдө 30 миңге жетерин билдирген. Анда Тажикстандын Ички иштер министрлиги маалымат чындыкка коошпосун айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG