Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Камил: Кумса экенимди баары билсин


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда 24 жаштагы дарыгер кумса экенин ачык билдирип чыкты.

Ашгабат шаарындагы ооруканалардын биринде кардиолог болуп иштеген Камил Беларустун борбору Минск шаарында билим алып, былтыр туулган жерине кайтып келген.

Камил өзүнүн сексуалдык өзгөчөлүгү тууралуу ачык айтып, «Азаттыктын» түркмөн кызматына кайрылган алгачкы түркмөнстандык. Буга чейин да редакцияга сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө жасалган зомбулук мамиле тууралуу маалыматтар түшүп турган. Бирок андай зомбулукка дуушар болгондор менен байланышууга мүмкүн болбогондуктан, бул маалыматтар тастыкталбай же төгүндөлбөй, жарыяланбай кала берген.

Камил «Азаттыктын» түркмөн кызматына кайрылып, ачыкка чыгуусуна Түркмөнстанда сексуалдык азчылыктын өкүлдөрүнө жасалып жаткан мамиле түрткү бергенин билдирди. Түркмөнстанда кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.


«Азаттыктын» кабарчылары менен сүйлөшүп жатып, Камил өзү тууралуу ачык айтуу менен туура иш кылдымбы деген чочулоосун бир нече жолу билдирген. Анткени Түркмөнстанда бул үчүн анын өмүрүнө коркунуч туулушу ыктымал. Бирок акыркы убактарда болгон окуялар Камилдин ачыкка чыгуу тууралуу чечимин биротоло бекемдеген экен.

Ал журналисттер менен интернет аркылуу байланышып, өзүнүн сексуалдык ориентациясы тууралуу айтып берген видео тасма жиберип турган.

- Мен бала кезимден эле кумса экенимди билчүмүн. Бирок муну кабылдап, мойнума алуу өтө оор болду. Мен динге катуу ишенген үй-бүлөдө чоңойдум. Минскиде окуп жүргөндө өзүмдү кыйла эркин сезип, кумса экениме ынандым. 2018-жылы окуумду аяктап, мекениме кайтып келдим. Бирок дайыма Түркмөнстандан кетүүнүн жолдорун ойлоп жүрдүм. Анткени мен сыяктууларга бул жерде жашоо жок. Бул жакка келгенден кийин жалгызсырап жүрүп, интернеттен бир жигит менен тааныштым. Мен үчүн аны менен онлайн сүйлөшүү өтө жагымдуу эле. Биз жолугууну чечтик. Бирок мен мунун аягы эмне менен бүтөрүн билген эмесмин.

Камилдин айтуусунда, аны менен интернетте таанышып, сүйлөшүп жүргөн адам полиция кызматкери болуп чыккан. Ал ушундай жол менен кумсаларды кармап жүргөн экен.

- Биз кечки саат жетиде жолугабыз деп сүйлөштүк. Мен келсем ал жок экен. Телефон чалсам, келе жатканын айтты. Мен аны күткөнчө эжеме дары алайын деп, дарыканага кире калсам, артыман кадимки кийимчен эки киши кошо кирди. Алар колума кишен салып, Хитровка районундагы полиция бөлүмүнө алып барышты.

«Мени таякем куткарды, башкалар түрмөдө»

Камилди полициядан жана кылмыш жоопкерчилигинен түркмөн президентинин коопсуздук кызматында иштеген тууганы сактап калган. Бошогонго чейин Камилди полиция кызматкерлери сабап, шылдыңдашкан.

- Полиция бөлүмүнө жеткиче мени жаман сөздөр менен сөгүп, сабап барышты. Жеткенден кийин токмок күчөдү. Электрошокер колдонуп, "кумса экениңди видео камерага айт" деп мажбурлашты. Телефонумду алып, ал жактагы номурларды текшеришти. "Башка кумсалар тууралуу маалымат берсең, коё беребиз" дешти. Түнкү саат 11де телефонума туугандарым чала башташты. Телефонго полиция кызматкери жооп берип жаткан. Атам чалып, президенттин коопсуздук кызматында иштеген таякем менен чогуу келип, мени бошотуп кетишти. Мени го тууганым бошотуп алды, бирок башкалар сексуалдык ориентациясы үчүн түрмөгө түшүп жатышат.

Үйгө чейин жолду катар атам менен таякем басынта башташты. Үйгө жеткенде атам «ушундан көрө өз колум менен өлтүрүп койсом болмок» деп кыйкырды. Алар мени «үй-бүлөнү уят кылып жатасың» деп тилдеп, кийинки жумада молдого алып барып окутуп, психологго жиберишти. Аягында мени үйлөнтө турган болушту. Бул мен үчүн өлүмгө барабар эле.

Камилдин ориентациясы жөнүндө азыр анын атасы, бир туугандары жана таякеси билет. Бирок Камил кумса экенин жалпыга жарыялап, өз мисалында өлкөдө бул темада талкуу баштагысы келет. Ал муну менен Түркмөнстанда сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө мамилени өзгөртүү зарылчылыгы бар экенин айткысы келет.

- Мен кумсамын. Муну ар дайым билчүмүн. Мурда кыйналсам, кийинчерээк ага ынандым. Мен башка адамдардан эч кандай айырмам жок. Бирок айланамдагы адамдардын мага мамилеси кыйнап келет. Өзгөчө жакындарым түшүнбөгөнү жаман болууда. Ошондуктан мен да адам экенимди баары билишин, туугандарым да билишин каалайм. Балким алар ошондо гана мен сыяктууларды түшүнүп, ойдон чыгарылган салттардан баш тартышар.

Качууга аракет

Камил быйыл февраль айында Түркияга качып кеткен. Бирок аны атасы жалдаган кишилер таап, кайтарып келишкен.

«Туугандарым мен үйлөнө турган кызды табышканда «бара-бара көнүп кетем го» деп ойлодум. Тойго даярдык башталган кезде мен кызды бактысыз кылгым келбеди. Башка жолдорду издей баштадым» деген Камил эл аралык уюмдарга кайрылууну чечет.

- Мен январь айында ЕККУнун Ашгабаттагы кеңсесине келдим. Ал жерден мени менен жергиликтүү түркмөн улутундагы кызматкер сүйлөштү. Менин кумса экенимди укканда анын өңү өзгөрүп, орой мамиле кыла баштады. Бул үчүн Түркмөнстанда кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертип, «түрмөдө отурбаганың үчүн ыраазы болушуң керек» деп айтты.

«Азаттыктын» кабарчылары эл аралык уюмдун сайтындагы телефондор аркылуу ЕККУнун Ашгабаттагы кеңсесине байланышууга аракет кылышкан. Бирок сайттагы телефондор иштебей турганы анык болду.

Эл аралык уюмга кайрылуусунан да натыйжа чыкпаган Камил өлкөдөн кетүүнү чечип, Түркияга сапар алат.

- 18-февралда мен Түркияга учуп кеттим. Ал жакта Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар бөлүмүнө кайрылсам дегем. Мен кеткендин эртеси күнү атам менен таякем Түркиядан бирөөнү жалдашыптыр. Дурдымырат Аннаев деген киши мени таап, коркутуп-үркүтүп, аэропортко алып келип, учакка салып жиберди. Атам телефондон «жөн эле сүйлөшөбүз, кааласаң кайтып кете бересиң» деген. Ага ишенип, 20-февралда Ашгабатка келдим.

Камилдин айтуусунда Аннаев деген адамдын түркмөн элчилиги менен байланышы болушу мүмкүн. Түркмөнстанга баргандан кийин туугандары аны өлкөдөн чыга албай турган кылып коюшкан.

«Эркиндик болот деген үмүтүм бар»

Камил «Азаттыктын» кабарчылары менен сүйлөшүп, өзү жөнүндө ачык айтып чыгуу тууралуу бир чечимге келгиче аны президенттин коопсуздук бөлүмүндө иштеген таякеси «тарбиялап коюу» үчүн бир нече жолу сабаган. Буга Камилдин үйлөнө турган кызга өзүнүн кумса экенин ачык айтып салганы себеп болгон.

Камилдин акыркы маалыматтарынын биринде: «Менде качандыр бир кезде эркиндик болот деп үмүттөнөм. Андай болбосо, менин тарыхым мен сыяктуулардын эркин болушу үчүн биринчи кадам болуп берсин. Бул маселени токтотпой айта берүү керек. Эгер мен дайынсыз жоголуп кетсем, мен тууралуу айта жүргүлө. Таякем баарын жокко чыгарууга аракет кылат, ал мени сабап туруп, кызга да мен жазган эмесмин деп айттырып алды. Сиздерге да кабарлаган мен эмес деп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, бул жазууларды сактап койгула. Мындан кийин мен башкача сүйлөсөм, аны басым алдында айтты деп түшүнгүлө. Мен жөнүндө элге жарыя кылгыла» деп жазылган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматына сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө карата адамгерчиликсиз мамиле, зомбулук жасалганы тууралуу маалыматтар көп келип түшөт. Бирок ачык кайрылган эч ким болбогондуктан, алар жарыя кылынбай келген.

Түркмөнстан кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган 60 чакты өлкөлөрдүн катарында. Мурунку союзга караган республикалардын ичинен Өзбекстанда да кумсалык мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG