Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Түркмөнстанда кумса дарыгер жоголду


Касымберди Гараев.
Касымберди Гараев.

Мындан он күн мурун Түркмөнстанда кумса экенин ачык билдирип чыккан 24 жаштагы дарыгердин дайыны белгисиз болуп жатат. 

Ашхабаддагы ооруканалардын биринде кардиолог болуп иштеген Касымберди Гараев «Азаттыктын» түркмөн кызматына сентябрдын аягында кайрылган.

21-октябрда жеке коопсуздугу үчүн аты өзгөртүлүп, Камил деген адамдын баяны чыккан. Ал - өзүнүн кумса экенин ачыкка чыгарып, маалымат каражаттарына кайрылган алгачкы түркмөнстандык. Анда Касымберди Түркмөнстанда жыныстык азчылыктын өкүлдөрүнө карата мамилени өзгөртүш үчүн ушундай кадамга барып жатканын айткан.

Бул баян жарыялангандан кийин Касымберди 24-октябрда полицияга чакырылганын кабарлаган. Түркмөнстанда өкмөттүк мекемелерде иштеген адамдар маал-маалы менен суракка чакырылып, тек-жайы текшерилип турат. Полицияга мындай «үч арка» текшерүүсүнө чакырылган Касымберди андан бери дайынсыз. 25-октябрда «Азаттыктын» түркмөн кызматына күч түзүмдөрүндөгү маалымат булагы Улуттук коопсуздук министрлиги маалымат каражаттарында өзүнүн кумсалыгын ачык айтып чыккан адамды издөөгө алып, ооруканаларда иштеген жаш дарыгерлерди бирден текшере баштаганын билдирди.

Журналисттер Ашхабаддагы кардиология борборуна кайрылышканда, ал жакта Касымберди Гараев аттуу адам мындан ары иштебей турганын айтышкан. Ал эми анын үй-бүлөсү Ашхабаддагы үйүнөн көчүп кеткени маалым болду.

«Азаттыктын» кабарчылары менен сүйлөшкөндө Касымберди өз өмүрү үчүн кооптонуп жүргөнүн, бирок, акыркы окуялар анын ачыкка чыгуу тууралуу чечимин биротоло бекемдегенин айткан. Ал кокустан өмүрүнө коркунуч жарала турган болсо, үй-бүлөсүнө кайрылуусу тартылган видеону редакцияга жөнөткөн.

«Кымбаттууларым, мен силерден кечирим сураймын. Акыркы убакта силерге көп оорчулук келтирдим. Силерди ыйлаттым. Мен силерге жамандык каалаган эмесмин. Мени бир жакка алып кете турушкан болсо, мен эч нерсеге күнөөлүү эмес экенимди билгиле. Мен кокустан жоголуп кетсем, мени кечиргиле. Бардыгын кабыл алгыла. Силерге зыяны тийбесин деп, мен чындыгында силерге эч нерсе айткан эмесмин. Кечиргиле мени! Мен жок болуп кетсем, жакшы сөз менен эскергиле. Ата, көп ачууланбаңыз, ооруп каласыз. Апа, сиз да санаа тартпаңыз. Мени кечиргиле! Ковус, акыл менен иш кылып, аларды карап жүр. Кыяс, кичине ойлонуп жүрчү, ойлонуп иш кылып, этият болчу! Акжа, карындашым, сен азыр ыйлагандан башка эч нерсени билбейсиң. Сен да мени кечир! Акжаханжан, сен сулуу кыз болуп чоңоёсуң. Акылдуу бол! Мени эми сенин бой тартканыңды көрбөй калсам керек. Ковус, Кыяс, силер да мени кечиргиле. Апа, ата баарын кечиргиле. Бактылуу болгула, чынчыл болгула. Ынтымактуу үй-бүлө болуп жашагыла. Эми мен гана араңарда жок болом. Капа болбогула. Дагы бир жолу суранам, мени кечиргиле. Баарыңарды өптүм. Кошкула!»

24 жаштагы Касымберди Беларуста Минск шаарында билим алып, Түркмөнстанга бир жыл мурун кайткан. Кийин Интернетте таанышып, сүйлөшүп жүргөн адам менен кездешүүгө барып, полициянын тузагына түшкөн. Полиция кызматкерлери аны сабап, электрошокер колдонуп, шылдыңдашкан. Аны кылмыш жоопкерчилигинен түркмөн президентинин коопсуздук кызматында иштеген тууганы сактап калган. Бирок аталаш агасы аны басынтып, «тарбиялап коюш» үчүн бир нече жолу токмоктоп, ал эми атасы менен бир туугандары аны мажбурлап үйлөнтүүгө аракет кылышкан.

Сабалган мигранттар, кордолгон кумса

Ушундан улам Касымберди быйыл февралда Түркияга качып барып, Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар бөлүмүнө кайрылууну чечкен. Бирок аны атасы жалдаган кишилер артынан барып таап, кайтарып келишкен. Ал эми Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Ашхабаддагы кеңсесине кайрылганында, жергиликтүү түркмөн улутундагы кызматкер кабыл алып эч кандай жардам көрсөтпөй койгонун белгилеген.

Касымбердинин акыркы жөнөткөн кабарларынын биринде: «Менде качандыр бир кезде эркиндик болот деп үмүттөнөм. Андай болбосо, менин тарыхым мен сыяктуулардын эркин болушу үчүн биринчи кадам болуп берсин. Бул маселени токтотпой айта бериш керек. Эгер мен дайынсыз жоголуп кетсем, мен тууралуу айта жүргүлө…», - деп жазылган.

Түркмөнстанда кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жыныстык азчылык өкүлдөрүнө жасалган зомбулук тууралуу маалыматтар тастыкталбай же төгүндөлбөй келет. Мурунку союздук республикалардын ичинен Өзбекстанда да кумсалык мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Касымберди Гараевдин өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан анын атын ачыкка чыгарып, кайда экендигинин дайынын билгендерди редакцияга кайрылууга чакырат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG