Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Тажикстанда журналисттерге кол салуу фактысына байланыштуу кылмыш иш козголду


Кол салууга туш болгон журналисттер Муллоражаб Юсуфи жана Анушеврон Арипов. 17-май 2022-жыл
Кол салууга туш болгон журналисттер Муллоражаб Юсуфи жана Анушеврон Арипов. 17-май 2022-жыл

Тажикстандын Ички иштер министрлиги «Озоди» радиосунун ("Азаттыктын" тажик кызматы) жана «Настоящее Время» телеканалынын кабарчыларына кол салуу фактысы боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу «Адам укуктарын коргоо көз карандысыз борбору» маалымдады.

Журналисттер 17-майда тоолуу бадахшандык активист Улфатхоним Мамадшоева менен маектешкенден кийин белгисиз бирөөлөр аларды машинесинен сүйрөп чыгып, техникасын, чөнтөк телефондорун, жеке буюмдарын тартып алышкан.

Адвокат Абдурахмон Шарипов кылмыш иштин алкагында тергөө башталганын 7-июнда билдирди. Эртеси Дүйшөмбү шаарынын милиция башкармалыгына журналисттерди коргоо үчүн чара көрүү арызы тапшырылды.

Тажик бийлиги Мамадшоеваны Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдогу башаламандыкты уюштургандардын бири деп эсептейт. Активист жана мурдагы күйөөсү, генерал Холбаш Холбашев 18-майда кармалган.

Журналисттер кол салуу карактоого окшобойт деген пикирде. Анткени ал адамдар кабарчылардын аттарын билчү, диктофон, видеокамераларын жана телефондорун тартып алгандан кийин акчасын кайтарып беришкен.

Укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар журналисттерге кол салууну айыпташты.

“Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай ал окуяга байланыштуу: «Тажик өкмөтү тажик элине пайда алып келип жаткан көз карандысыз маалыматтарды таратууга бут тосуу аракеттерин токтотууга тийиш», - деп 17-майда билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG