Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

HRW эл аралык коомчулукту "Талибанга" каршы чараларды күчөтүүгө чакырды


Оогандык аялдардын өз укуктарын коргогон акциясы. Кабул, 1-июнь 2022-жыл
Оогандык аялдардын өз укуктарын коргогон акциясы. Кабул, 1-июнь 2022-жыл

Хьюман Райтс Уотч (HRW) эл аралык укук коргоо уюму дүйнө коомчулугун Ооганстандагы "Талибандын" жетекчилерине каршы жазалоочу чараларды көрүүгө чакырды. Уюм талибдер өткөн августта бийликке кайтып келгенден бери өлкөдө адам укуктары жаатында "кризистик абал" түзүлгөнүн, андан өзгөчө кыз-келиндер жапа чегип жатканын билдирди.

HRW ооган аялдары акыркы 20 жылда ээ болгон укуктар жокко чыгарылды деп эсептейт. “Талибандын” тушунда аялдар өкмөттүк кызматтардан кетирилди, аларга жалгыз саякаттоого тыюу салынды, башы-бетин чүмкөп жүрүү буйругу берилди.

9-июндагы билдирүүсүндө уюм орто мектептердеги кыздардын билим алуусуна тыюу салуу эл аралык коомчулуктун катуу айыптоосуна туш болгонун белгилейт.

Укук коргоочулар андай кадамдарды айыптоо менен чектелүү “жетиштүү эмес”, оогандардын, асыресе кыз-келиндердин укуктарын коргоо үчүн олуттуу чара көрүү зарыл деп санашат.

HRW кыймылдын лидерлерине санкция салуу жаатында буга чейинки чечимдерди кайра карап чыгууга үндөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG