Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Кесиптик кошуундар ишин текшере турган депутаттык комиссия түзүлмөй болууда


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссия түзүлмөй болууда. Мындай сунушун бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов жана Балбак Түлөбаев көтөрүп чыгышты.

Депутат Атазов кесиптик кошуундардын жетекчилигин “чыныгы мафия” деп атап “Профсоюздар Кыргызcтанда 72 объектти сатып жиберген. Ата-бабабыздан келаткан имараттарды саткан профсоюздарда 29 адам ошону монополия кылып алып, мамлекетте уурулук кылып жатышат” деген оюн айтты.

Кыргызстандын Профсоюздар федерациясы уюму 1922-жылы түптөлгөн. Мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек укуктарын коргоо үчүн деп түзүлгөн, көптөгөн мүлккө ээ болгон бул уюмдун баштапкы жана тармактык бирикмелери Советтер Союзу маалында активдүү иштеп турчу. Ар бир жумушчунун эмгек акысынан профсоюздук эсепке милдеттүү түрдө мүчөлүк акы төлөнүп келчү. Өлкө эгемендик алып, рынок мамилесине өтүп, жеке ишканалар пайда болгондон кийин анын актуалдуулугу азайган.

Соңку бир нече жылдан бери Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясында ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук профсоюз бар экени айтылган.

Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакунов кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 1-январда билдирген. Ага "ишенип тапшырылган ири акчаны өздөрүнө ыйгарып алуу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголгону кабарланган. Буга чейин профсоюз эмгекчилердин укугун коргобой эле мүлкү менен мүчөлүк акысын талап-тоногон уюмга айланып калганы тууралуу сөздөр айтылган. Федерациянын азыркы жетекчилиги бирикменин дарегине айтылып жаткан сын боюнча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG