Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Европарламент Украинага шаркетке мүчө болууга талапкер статусун берүүнү сунуш кылды


Верховна раданын төрагасы Руслан Стефанчук Европарламентке кайрылды. Страсбург, 8-июнь 2022-жыл
Верховна раданын төрагасы Руслан Стефанчук Европарламентке кайрылды. Страсбург, 8-июнь 2022-жыл

Европарламенттин депутаттары Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушунан кийинки тышкы саясатка жана коопсуздукка тиешелүү резолюцияны кабыл алды. Документ Еврокомиссияга жана Еврокеңешке Украинага "талапкер" деген макам берүүнү сунуш кылды.

Deutsche Welle кабарлагандай, 438 депутат резолюцияны колдоду, 65и каршы добуш берди, 94ү калыс болду.

Документтин бир пунктунда: «Украин эли менен тилектештик иретинде Украинага талапкер статусун берүү зарыл», - деп айтылат.

Парламентарийлер ошондой эле европалык өлкөлөрдү Киевди керектүү курал-жарак менен камсыз кылууга, согуш аяктагандан кийин Украинаны калыбына кетирүүгө салым кошууга даяр турууга, камакка алынган орусиялык активдерди Украинадагы кайра куруу иштерине жумшоонун укуктук механизмдерин түзүүгө чакырышты.

Ошондой эле «Орусиянын украин жергесиндеги согуш кылмыштарын иликтөөнү колдоо керектигин» белгилешти.

Украина Еврошаркетке кошулуу арызын Орусия басып киргенден кийин көп узабай тапшырган.

Биримдиктин айрым лидерлери бул жараян жылдарга созулуп кетиши ыктымал деп эскертишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG