Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Швециянын элчилигинде жашынып жүргөн ата-бала Беларустан чыгып кетти


Виталий жана Владимир Кузнечик. 21-январь 2022-жыл
Виталий жана Владимир Кузнечик. 21-январь 2022-жыл

Швециянын Минскидеги элчилигинде дээрлик эки жылдай жашынып жүргөн ата-бала Кузнечиктер Латвияга чыгып кетишти. Экөөнө тең мекенинде кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу «Зеркало» басылмасы жазды.

2020-жылы сентябрда Беларуста талаштуу президенттик шайлоодон кийин бийликке каршы митингдер курчуп турган кезде Виталий жана Владимир Кузнечик швед элчилигинен башпаанек сураган. Бирок терс жооп алганда, дарбазадан секирип элчиликтин аймагында калышкан. Андан бир нече күн мурун Виталий Витебскидеги жүрүшкө катышып, милициядан катуу таяк жегенде баласы аны куткарып калган. Аларга козголгон кылмыш ишке ылайык, ата-бала ар бири 6 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Кузнечиктер көзөмөлгө алынганына карабай, качып чыгуу планын иштеп чыкканын, автобус, электричка менен Витебск шаарына жетишкенин, андан ары Латвиянын чек арасына бет алганын айтып беришти. Чек араны түн ичинде токой аралап кесип өтүшкөн.

Латвиядан Виталий менен Владимир башкалка сурашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG