Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Екатеринбургда кыргыз-орус аймактар аралык конференция өтүп жатат


Кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы.
Кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы.

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз-орус аймактар аралык 9-конференциясына Кыргызстандын делегациясын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев жетектеп барды. 8-июнда башталган иш-чарада эки тараптуу кызматташтык, экономикалык жана башка байланыштарды арттыруу багытында талкуу жүрдү.

Данияр Амангельдиев Кыргызстандын эң чоң көлөмдөгү соода алмашуусу Орусия менен болорун, 2012-жылы 31,6 %ды түзгөнүн белгиледи.

Орусиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников орус рыногунда кыргызстандык компаниялар үчүн жаңы мүмкүнүлүктөр жаралганын маалымдады. Бул багытта конференцияда үч келишимге - логистикалык кызмат көрсөтүү, айыл чарба жана балык чарбасы боюнча кол коюларын жарыялады.

Конференциянын алкагында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму уюштурулуп, ага Кыргызстандагы университеттерден отуздай өкүл катышты. Иш-чарада ЖОЖдордун ортосунда тажрыйба алмашуу, жаштардын форумун өткөрүү, кышкы жана жайкы мектептерди уюштуруу сыяктуу маселе каралып, 40тан ашык документке кол коюлду.

“Ишкер айымдардын эл аралык кызматташтыгы – туруктуу өнүгүү жолу” форумунда жеңил өнөр жай, туризм жана билим берүү эки тараптуу жана аймактар аралык багыттар талкууланды. Форумга Кыргызстандын аймактарынан өнөр жай, бизнес, курулуш, кызмат көрсөтүү, билим берүү, туризм жана башка тармактардан 60тай киши катышты.

Иш-чара 10-июнда да уланат.

Кыргыз-орус аймактар аралык 8-конференция 2019-жылы мартта Бишкекте өтүп, тараптар 1 млрд. 558 млн. 300 миң долларлык макулдашууларга кол койгон болчу. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG