Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтөт


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Бүгүн 10-июнда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтөт. Улуттук илимдер академиясынын Айтматов атындагы Тил жана адабият институту “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жазуучуну эскерет, анын чыгармаларынан атайын даярдалган үзүндүлөр көркөм окулат.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар катышат.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG