Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Ысык-Көлгө Орусиядан учактар түз каттай баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 10-июндан тартып Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тамчы айылындагы аэропортко Орусиядан учактар түз каттай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Орусиянын «Аэрофлот», «Урал аба жолдору» жана S7 Airlines авиакомпаниялары Москвадан, Екатеринбургдан, Санкт-Петербургдан жана Новосибирскиден жумасына бир нече жолу каттап турушат. Анткени орусиялык туристтер арасында Ысык-Көлдө эс алууга кызыгуу артууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган каттамдар бара-бара калыбына келүүдө, жакында Орусиянын бир нече шаарына темир жол каттамы да кайра ачылды. Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG