Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

"Адам укуктары боюнча улуттук диалог” болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 10-июнда Бишкекте “Кыргызстандагы адам укуктары боюнча улуттук диалог” жыйыны өтөт. Иш-чараны өлкөнүн акыйкатчысы уюштурууда.

Мекеменин маалыматына караганда, талкууга парламенттен, өкмөттөн өкүлдөр жана Бириккен Улуттар Уюмунун, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышат.

Жыйын алкагында «Акыйкатчынын баяндамаларында жана универсалдуу мезгилдик серептерде чагылдырылган сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын рейтинги» деген темада презентация болот.

7-июнда акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңеште баяндама жасап, жардам сурап кайрылгандар жылдан жылга көбөйүп жатканын билдирген. Анын айтымында, Кыргызстанда 2021-жылы 13 миңден ашуун кайрылуу болгон. 2020-жылы 9,5 миң, 2019-жылы 11 миңден ашуун арыз-даттануу түшкөн. Көбү милиция, прокуратура, сот органдарынын ишине байланыштуу экени белгиленген. Адамдар сотко мониторинг жүргүзүп берүүнү, жер участокторун бөлүштүрүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүнү суранышкан. Абдрахматова акыйкатчынын сунуштамаларын мамлекеттик органдар “милдеттүү түрдө аткарышы керек” деген норма кирмейинче бул мекеме жасап жаткан ишинин пайдасы жок болуп жатканын белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG