Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:27

Абдрахматова: Адам укугун коргоо жаатында эл аралык уюмдардын сунуштары аткарылбай жатат


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Адам укуктарынын эл аралык индекси Кыргызстанга берген 1311 сунуштун көбү аткарылбай жатат. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова 10-июнда Бишкекте өтчү “Кыргызстандагы адам укуктары боюнча улуттук диалог” жыйынында айтты.

Ал өлкөнүн адам укуктарына байланыштуу эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчү төмөн экенине токтолду.

“Акыйкатчы институту адам укуктарынын сактылышы жаатында сурамжылоо жүргүзүп ага 3237 адам катышты. Алардын 18 пайызы гана “Кыргызстанда адам укугу сакталарына ишенебиз” деп жооп берген. 40 пайызы адам укуктары сакталышы мүмкүн деп эсептешет. 13 пайызы “адам укугу сакталбайт” деген пикирде. 29 пайызы укугу жетишерлик сакталбай жатканын билдирди”, - деди Абдрахматова.

Акыйкатчы Кыргызстанда укук коргоо органдары, мамлекеттик мекемелер адам укугун коргоо боюнча жетиштүү иш алып барбай жатканын белгиледи. Ал мыйзам бузуулар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып, коомчулукта резонанс жаралганда гана бийлик реакция кылып жатканын сынга алды.

Атыр Абдрахматова 7-июнда Жогорку Кеңеште баяндама жасап, жардам сурап кайрылгандар жылдан жылга көбөйүп жатканын билдирген. Анын айтымында, Кыргызстанда 2021-жылы 13 миңден ашуун кайрылуу болгон. 2020-жылы 9,5 миң, 2019-жылы 11 миңден ашуун арыз-даттануу түшкөн. Көбү милиция, прокуратура, сот органдарынын ишине байланыштуу. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG