Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Адам укуктары жаңы форматта окутулат


Адам укуктарын жаңы форматта окуп, пикир алмашып, талкуулоону каалаган активисттер жана чыгармачыл адамдар үчүн “Ойлон Кэмп” деген иш-чара өтөрүн аны уюштуруп жаткан “Сорос-Кыргызстан” фонду билдирди. Фонддун маалыматына караганда, “Ойлон Кэмп” июль айында Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулат. Катышууну каалагандардан арыздар 15-июнга чейин кабыл алынат. Алардын арасында атайын сынак уюштурулуп, 50 жеңүүчүсү үчүн эл аралык жана жергиликтүү эксперттер менен бирге окуп, саякаттоо укугу берилет.

Уюштуруучулардын айтымында, “Ойлон Кэмп” адилеттүү коом курууга умтулган кыргызстандыктар үчүн аянтча болуп калат жана алар чогуу ой жүгүртүп, чыгармачыл идеялары, тажрыйбасы менен бөлүшүшөт, сөз эркиндигин, чыгармачылыкты, пикирлерди, адам укуктарын илгерилетүү боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышышат.

Кыргызстанда демократиялык коом курууга багытталган бир катар долбоорлор жүргүзүлүп келет. Аларды жергиликтүү прогрессивдүү активисттер эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырышат. (RK)

XS
SM
MD
LG