Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:19

"Ата-Бейитте" Чыңгыз Айтматов эскерилди


“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси.
“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси.

Бүгүн 10-июнда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өттү.

Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту бул күндү утурлай маданий программа даярдаган. Анда жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулуп, мектеп окуучулары өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар жана Айтматовдун үй-бүлөсү катышты.

“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси.
“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. Анын сөөгү “Ата-Бейитке” - атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG