Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

The Guardian: Украинада кеминде 20 миңдей орус аскери өлдү


Украинанын аймагындагы согуштан бир көрүнүш.
Украинанын аймагындагы согуштан бир көрүнүш.

Улуу Британиянын The Guardian басылмасы Орусиянын Украинадагы жоготуулары жөнүндө жаңыртылган маалыматтарды жарыялап, согушта кеминде 20 миңдей орусиялык аскер өлгөнүн жазды. Медиа мындай сандарды британ өкмөтүндөгү жана чалгын кызматындагы булактарына таянып келтирди.

Майдын этегинде жарыяланган маалыматтарда Батыштагы маалымат каражаттары орус армиясындагы курмандыктар 15 миңден ашканын кабарлашкан. Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын аскердик жоготууларын 31 миң деп баалап жатат.

Орус жоокерлери көбүнчө Луганск облусунун батыш жагында – Северодонецк жана Лисичанск шаарлары үчүн кармаштарда кырылганы айтылып жатат. Москва Украинанын Луганск жана Донецк облустарындагы жикчилдердин өзүн-өзү жарыялаган түзүмдөрүн коргоо үчүн аталган аймактардын административдик чек араларына чейин басып алууну көздөп келет.

Согушта Украинанын жоготуулары жөнүндө да маалыматтар так эмес. Мурдараак аларда 2 миңдей жоокер өлгөнү тууралуу маалымат айтылгандан бери сандар жаңыртылган эмес. УНИАН агенттиги украин коргоо министри Алексей Резниковго таянуу менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүндө күнүнө жүздөй аскер курман болуп жатканын жазган.

Согуш маалында кагылышкан тараптар адатта өздөрүнүн жоготууларын азайтып, каршылаш тараптыкын көбөйтүп көрсөтүшөт. Эки тараптын маалыматтарын көз карандысыз булактардан текшерип, ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен орус армиясы Украинага 24-февралда кол салган. Бул аралыкта 7 миллиондон ашуун жайкын тургун Украинаны таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG