Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Ысык-Көлдө жапайы тоо теке кырылганына тоют жоктугу себеп экени айтылды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жапайы тоо текелердин кырылышына тоолорго кар калың жаагандыктан табигый тоюттун жоктугу себеп болгонун 10-июнда “Азаттык” радиосуна Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Мекеменин баштапкы маалыматына караганда, Кумтөр алтын кени жакта 11, Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругунун аймагында 24, жалпысынан 35 тоо текенин өлүгү табылды. Кар эрип, жол ылай болгондуктан башка жерлерди карап чыгууга мүмкүнчүлүк болбой жатканы, алардын так саны жаңылангандан кийин кошумча айтылары белгиленди.

9-июнда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Жети-Өгүз районунун тоолорунда тоо текелердин өлүгү жатканы тууралуу видео маалыматтар тараган болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG