Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:35

Борбор Азия эл аралык университети Токмок шаарында жаңы имаратын кура баштады


Университеттин жаңы имаратынын пайдубалын түптөө салтанатынын катышуучулары. 2022-жылдын 10-июну.
Университеттин жаңы имаратынын пайдубалын түптөө салтанатынын катышуучулары. 2022-жылдын 10-июну.

Бүгүн 10-июнда Токмоктогу Борбор Азия эл аралык университетинин жаңы имаратынын курулушу башталды. Имараттын пайдубалын түптөө салтанатына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.

Өз сөзүндө өкмөт башчы Кыргызстандын келечеги билим берүү тармагында экенин белгилеп, университеттин жамаатына жана студенттерине ак жол каалады.

Университеттин академиялык маселелер боюнча вице-президенти Айгүл Калчакеева “Азаттык” радиосуна билдиргендей, окуу жайдын Камкорчулар кенеши жаңы имарат курууга жер сатып берип, курулушка жалпысынан 10 миллион доллар жумшоодо. Жаңы корпус пайдаланууга келерки жылдын август айында берилет.

Аны менен катар университеттин студенттери жашай турган 500 орунга эсептелген жатакана курула баштайт деп пландалууда.

Университеттин президенти, профессор Жон Рослин Кларк (ортодо).
Университеттин президенти, профессор Жон Рослин Кларк (ортодо).

Пайдубалды баштоо салтанаты менен кошо бүгүн университеттин быйылкы бүтүрүүчүлөрүн узатуу иш-чарасы өттү. Токмок шаарынын борбордук аянтында уюштурулган майрамдык иш-чарага жылдагыдай эле калаа тургундары конок катары катышты.

Калчакееванын айтымында, университет Токмок шаарынын өнүгүшүнө салымын кошуп келе жатат, анын салык түрүндө төккөн акчасы шаардык бюджеттин 30% түзөт. Калчакеева келечекте Токмокту белгилүү Оксфорд, Кембриж, Бостон сыяктуу академиялык шаарга айландыруу планы бар экенин кошумчалады.

Университетте 600дөн ашуун студент окуйт.
Университетте 600дөн ашуун студент окуйт.

Быйыл университетти жети багыт боюнча 56 бүтүрүүчү аяктады.

Окуу жайда 600дөн ашуун студент билим алат, алардын 80% Токмок шаарынын жана Чүй облусунун улан-кыздары. Студенттер арасында Борбор Азиянын, Орусиянын, Ооганстандын, Тайвандын, АКШнын жана Боливиянын жаштары да бар.

Борбор Азия эл аралык университети 2008-жылы негизделген. Анын Камкорчулар кеңешине Кыргызстандын жана АКШнын илимпоздору мүчө. Окуу жайда Орусия, АКШ, Кытай өлкөлөрүнөн келген окутуучулар да эмгектенет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG