Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Ошто Июнь окуясынын курмандыктары эскерилди


Жалал-Абад. 14-июнь, 2010-жыл.
Жалал-Абад. 14-июнь, 2010-жыл.

Бүгүн 10-июнда Ош шаарында Июнь окуясында каза болгондор эскерилди. “Энелердин көз жашы” монументинин алдында өткөн митинг-реквиемге президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, мэриянын өкүлдөрү, каргашада өмүрү кыйылгандардын жакындары, жалпысынан 50 чакты адам катышты. Алар элдин ынтымагын бекемдөө жана коргоо зарылдыгын айтып, бул сыяктуу окуяларга мындан ары жол бербөө керектигин белгилешти.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. “Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. 2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) июнь каргашасы тууралуу козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Июнь каргашасынын 12 жылдыгына карата кайрылуусунда мамлекет башчысы Садыр Жапаров Июнь окуясындай кагылыштарды мындан ары болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология керек экенин айтты. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG