Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

“Манас” аэропортун жаңылоо долбоору талкууланды


“Манас” эл аралык аэропортун мамлекеттик-жеке кызматташтык негизде модернизациялоо жана өнүктүрүү долбооруна катышуу ниетин бүгүнкү күнгө карата жети өлкөнүн компаниялары билдирди. Бул тууралуу бүгүн 10-июнда долбоорду талкуулоо үчүн уюштурулган жыйында айтылды.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги аэропортту жаңылоо долбооруна каржылык жана консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен макулдашууга 2021-жылдын октябрь айында кол койгон. Аталган уюм эл аралык инвесторду Кыргызстан үчүн экономикалык жактан пайдалуу шартта тандоо боюнча сынак өткөрүүгө көмөктөшөт.

Инвестициялык баасы 400 миллион доллар деп бааланып жаткан долбоор алкагында өкмөт “Манас” аэропортун Борбор Азиядагы ири аймактык хабга айландыруу максатын көздөөдө. Долбоор ишке ашкандан кийин жүргүнчүлөр агымы азыркы 2,1 миллион адамдан 9 миллионго жетери, учуп-конуу тилкеси, терминалдар, инфраструктура толук жаңыланары пландалууда.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – мамлекеттин социалдык жактан маанилүү долбоорду жеке ишкана-компаниялар менен чогуу жүзөгө ашыруу механизми.

Аба майданды эл аралык хабга айландыруу үчүн "Манасты" чет элдик башкарууга берүү аракети буга чейин да көрүлгөн. 2013-жылы Бишкектеги кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешмеде аэропортторду орусиялык ишканаларга берүүгө кыргыз бийлиги кызыкдар экени айтылган. Бирок бир топ саясатчылар буга каршы болуп, иш аягына чыкпай калган.

2019-жылы өкмөт аэропортту мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жолу менен жаңылоо үчүн жумушчу топ түзүп, бул аракет да аягына чыккан эмес. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG