Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Казакпаевдин жубайы жолдошу УКМКда кыйноого кабылганын айтып чыкты


Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт.
Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт.

Ооруканада каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева жолдошу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кармалып турганда кыйноого кабылганын айтып чыкты.

Бул тууралуу ал 10-июнда “ПолитКлиника” басылмасынын журналистинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын сөзүнө караганда, акыркы убактарда жолдошунун бир көзү толук көрбөй, экинчи көзүнүн да көрүүсү начарлап кеткен. Ага карабай “медициналык жардам убагында берилген эмес”.

“Адам ооруп жатканда аны суракка албайт. Ага карабай тергөөчүлөр сурак кылып жатты – бул кыйноо. Тергөөчүлөр “моюнуңа албасаң сени "караларга" алып барабыз. Сени сабайт” деп коркутушкан. Анан көзүнө жарык такап, ак кагазга кол койдуруп алышкан. Ошол таза кагаздын ичине “күнөөнү моюнуна алды” деп жазышкан. Бул учурда жанында адвокаты болгон эмес”.

Анар Казакпаеванын айыптоолору боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жооп бере элек.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Ал 10-июнда өзүнө келбей каза болду.

Маркум былтыр июнь айында Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.

Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков аттуу адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалышкан. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG