Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Жапония жүк ташуучу автоунааларды Орусияга сатууга тыюу салды


Жапония жүк ташуучу автоунаалары
Жапония жүк ташуучу автоунаалары

Расмий Токио жүк ташуучу автоунааларды, жүгүн өзү түшүрүүчү транспортторду жана бульдозерлерди Орусияга жеткирүүгө тыюу салды. Бул чектөөлөр 17-июндан тартып күчүнө кирерин орусиялык ТАСС маалымат агенттиги Жапониянын экономика, соода жана өндүрүш министри Коити Хагиудуга таянуу менен кабарлады.

Жапония мындан сырткары Орусияга тактайларды, станоктордун тетиктерин, газ генераторлорун, насосторду, басма жана станок жабдууларын да экспорттоону токтотту. Бул чектөөлөр Орусиянын Украинага аскердик кол салуусуна байланыштуу кабыл алынып жатат.

Токио Орусияга карата санкцияларга буга чейин кошулуп, кара тизмеге кирген орус банктарынын активдерин камакка алган. Бул өлкө ошондой эле жогорку технологиялык жабдууларды, анын ичинде 3D принтерлерди, кванттык компьютерлерди жана микроскопторду, кымбат баалуу автоунааларды, зер буюмдарын Москвага экспорттоону токтоткон.

Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы биринчи санкцияларын 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизген. 2016-жылы АКШдагы президенттик өнөктүккө орусиялык хакерлердин кийлигишүүсү, 2018-жылы Британияда Орусиянын экс-чалгынчысы Сергей Скрипалдын уулануусу да Москвага санкциялардын эки-үч пакетин алып келди.

Германиянын Бундестагына жасалган киберчабуулдарга байланыштуу 2020-жылы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууланышына байланыштуу 2021-жылы жаңы санкциялар күчүнө кирген.

2022-жылкы санкциялар топтому орус аскерлеринин украин жергесине бастырып киргени үчүн каралды. Баштапкы санкцияларды көбүнчө Европа Биримдигиндеги мамлекеттер, АКШ, Британия, Австралия, Жаңы Зеландия, Канада салса, жаңы санкцияларга бул өлкөлөрдөн сырткары Жапония, Түштүк Корея жана башкалар кошулду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG