Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Дания менен Нидерланд Украинаны Евробиримдикке кошууга каршы чыкты


Украинанын картасы жана Европадагы мамлекеттер.
Украинанын картасы жана Европадагы мамлекеттер.

Европа комиссиясы аптанын аягында Украинага Европа Биримдигине кошулууга талапкер-өлкө макамын берүүнү уюмдагы мамлекеттерге сунуштайт. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды.

Ошол эле маалда биримдиктеги айрым мамлекеттер Украинага талапкерлик макамды берүүгө макул болбой жатат. Агенттиктин маалыматына караганда, Украинаны Евробиримдикке кошууга Дания менен Нидерланд каршы чыкты. Германия болсо Украинага шарттуу талапкер макамын бере турууну сунуштаган.

Дания Украина европалык баалуулуктарга, анын ичинде институттардын туруктуулугу, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, адам укуктарын, азчылыктарды коргоо сыяктуу талаптарга толук жооп бербей турганын билдирген. Копенгаген Киевге “мыйзамдык жана институционалдык базасын оңдоону” сунуштаган.

Буга чейин Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын баскынчылыгына карабай Украина уюмга шашылыш кошулбай турганын жарыялаган. Ал ушул убакка чейин кезекте турган алты өлкө талапкер макамын албай туруп, Украинага секирип кетүүнү калыстык эмес деп атаган. Евробиримдиктеги өлкөлөр бул маселени ушул ай аягына чейин карап чечим кабыл алышы керек.

Курамына 27 мамлекет кирген Европа Биримдигинин лидерлери былтыр октябрда Словениядагы саммитте Батыш Балкандагы алты талапкер мамлекетке конкреттүү мөөнөт койгон эмес. Алар бул өлкөлөрдү кабыл алууга кызыкдар экенин гана билдирүү менен чектелишкен. Муну уюмга талапкер мамлекеттер – Албания, Босния, Сербия, Монтенегро, Түндүк Македония жана Косово терс кабылдаган.

Орусия Украинага басып киргенден кийин, 28-февралда президент Владимир Зеленский өлкөнүн Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына кол койгон. Украин премьер-министри Денис Шмыгал өлкө “уюмга атайын тартип менен, шашылыш кирерин” айткан эле. 2-мартта Европарламент Украинага ЕБге кирүүгө талапкер деген макам берген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG