Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

“Достук” бекетинин аскерлери коррупцияга шек саналып кармалды


“Достук” бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
“Достук” бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы “Достук” бекетинин үч аскер кызматкери коррупцияга шек саналып кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ушул эле факты боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин бир кызматкери, “Достук” санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы, коррупциялык иште ортомчу болгон дагы эки адам кармалды.

Алар “Достук” бекетинен өткөн кишилерден системалуу түрдө мыйзамсыз каражат алып турган деп айыпталууда. Шектүүлөр Ош шаардык сотунун чечими менен 24-июнга чейин камакка алынды. Алардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.

Ош шаарынын жанындагы “Достук” — Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган эң чоң өткөрмө бекеттердин бири. Андан күнүнө жүздөгөн киши өтөт.

2021-жылы Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө, акча талап кылууга кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

Андан кийин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Чек ара кызматынын бир катар жогорку кызмат адамдары жемкорлукка шектелип кармалганын маалымдаган. Кармалгандардын арасында Чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары, Ош облусу боюнча башчысы жана "Достук" өткөрмө бекетинин башчысы болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG