Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Чек ара: өзбек жарандары президент Жапаровго кайрылды


"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.
"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.

Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө, акча талап кылууга кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Талкууга түшкөн өзбек блогеринин кайрылуусу

“Урматтуу президент Садыр Жапаров, учурда билесиз "Достук" чек ара бекетинен өзбек жарандары өтүп, Казакстандын бир топ шаарларына "Ош" аэропорту аркылуу учушат. Бирок ал жерде адамдын ачуусун келтирип, Кыргызстан мамлекетин шерменде кыла турган окуялар болууда”, - деген блогер Исраилдин видеосу өзбек интернет айдыңында кызуу талкууланып жатат. Анда өзбек блогери кыргыз мамлекет башчысын чек арадагы көйгөйгө көңүл бурууну суранган.

Өзбек блогери Исраил.
Өзбек блогери Исраил.

“Аскерлериңиз поссто ар бир адамдан 50 000 сумдан алып (болжол менен 300-350 сом), анан чек арадан өткөрүп атышат. Эгер 50 000 сумду бербесе өткөрбөй тура беришет. Коронавируска тапшырган тесттин справкасы жасалма деген өңдүү ар кандай шылтоо менен артка кайтарышат. Айласыз акча беришет. "Акча бербейм" деген адамды кармап тура берет, самолеттон кеч калат. Сизден сураныч, ошол өткөрмө бекеттен кабар алып, жагдайды карап көрүңүз. Паракорчулуктун аз болсо да алдын алууңузду суранам”.

Өзбекстандын “Твиттер” айдыңында кыргызстандыктар Өзбекстанда кенен-кесир кирип чыгарын белгилешип, өзбек жарандары эмнеге тоскоолдукка кабылып жатат деп суроо узатышкан. ​

Чек арадагы чечилбеген көйгөй

Оштогу жергиликтүү журналист Хамидулло Узаков өзбек жарандарынын кыргыз чекарачылары жөнүндө айтканында чындык бар дейт. Узаков айрыкча Оштогу “Достукта” коррупция калыптанып калганын айтууда.

Хамидулло Узаков
Хамидулло Узаков

“Өзбекстанда билеттер кымбат. Андыктан, Ошко келип анан башка өлкөгө учушат же учуп келип мекенине кетишет. Ал жактан мигранттар өтүп, жалданып иштешет. Негизинен алар көптөн бери “Достук” чек ара бекетиндеги орой мамиле, акча талап кылууну айтып келишет. Алар бул жактын мыйзамдарын көп билбегендиктен арызданышпайт жана кимге айтаарын деле билишпейт”, - деди журналист.

Анткен менен Кыргызстандын чек ара кызматы жогорудагы айтылган дооматтарды четке кагууда. Мекеменин маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева чет өлкөлүктөрдөн коронавирус жок экени тууралуу аныктаманы Саламаттык сактоо министрлиги текшерерин айтып, чекарачылар уруксат, ким экенин тактаган документтерге жооп берерин билдирди.

“Эгерде карантиндик посттогу дарыгерлер жаранды чек арадан өткөрүүгө болбой турганын кабарлаганда гана уруксат бербейбиз. Акыркы учурларда чек арада ПЧР тест же эмдөө боюнча жасалма сертифкаттарды алып жүргөндөр көбөйүп жатат. Бирок, аны биз текшербейбиз”, - деди Бөрүбаева.

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жүргүнчүлөрдөн пара талап кылган көрүнүш жөнүндө маселе парламентта дагы көтөрүлгөн. Быйыл март айында депутат Айнуру Алтыбаевнын чек арадагы коррупция боюнча айткан сынына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы “чындыкка дал келбейт” деп жооп берген. Анда атайын кызмат “Достук” бекетинде 21 видеокамера орнотулганы, алардын баары борбордук системага туташтырылганын билдирген.

Кыргызстандык фермер Манас Саматов жакында эле Өзбекстанга барып келгенин, коңшу өлкөнүн чекарачыларынан тоскоолдуксуз өткөнүн айтып берди. Саматов чек арадагы коррупция эки өлкөнүн тең казынасына зыян экенин белгиледи.

“Эки тараптан тең коррупция бар болчу. Өзбек тарап биринчи тыйып баштады. Менин байкашымча, аскерлери коркуп турат жана кийингени, отурган жери тыкан. Ал эми Кыргызстанда баягы эле башаламандык. Өзбек, тажик эмес кыргызды деле тонойт. Бул жашыруун сыр эмес. Өкмөттүн “малды сыртка өткөрбөйбүз” деген сыяктуу токтомдору чек ара менен бажыга гана параны көбөйтөрүн баса белгилейм. Чек ара ачык болуп, эки өлкөнүн кылымдарга созулган алакасы бар”, - деди Саматов.

“Достук” бекети Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Буга чейинки ар кандай маалыматтар боюнча өткөрмө бекеттен Өзбекстандын жүздөгөн жараны Кыргызстандын аймагына өтүп, башка мамлекетке кетишет, айрымдары бул жакта ар кандай жумуштарда иштешет. Бир канча жыл жабык турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG